25.04.2018 13:59

Бишкектик мугалимдер табигый кырсык маалында  өзүн алып жүрүүнү үйрөнүшүүдө

Бүгүн  Бишкек шаарынын орто мектептеринин жана бала бакчаларынын жарандык коргонуу боюнча адистерине методикалык окутуу жүргүзүлүүдө. Бул иш-чараны  ӨКМ жана Бишкек мэриясы биргеликте уюштурган.

Борбордогу мектептердин  170 мугалими табигый кырсыктар маалында өзүн кандай алып жүрүүнү, куткаруу иштерин туура уюштурууну үйрөнүп жатышат.

ӨКМдин адистери педагогдорго кырсык катталган учурда мектеп жана бала-бакчада алгач кандай иш-аракеттер болушу керек экендиги тууралуу окутуп-үйрөтүшүүдө.